Циньхуандао Олимпиадалык спорт борборунун стадиону - Кытайдагы 2008-жылкы Олимпиада оюндары учурунда футбол боюнча алдын ала тандоо оюндарын өткөрүү үчүн колдонулган стадиондордун бири. Көп функциялуу стадион Кытайдын Циньхуандао шаарындагы Хэбэй проспектисиндеги Циньхуандао Олимпиадалык спорт борборунун ичинде жайгашкан.
Стадиондун курулушу 2002-жылдын май айында башталып, 2004-жылдын 30-июлунда аяктаган. Аянты 168 000 чарчы метр болгон Олимпиадалык стандарттагы стадиондо 33 600 орун бар, анын 0,2%ы майыптар үчүн арналган.
2008-жылкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында Циньхуандао Олимпиадалык спорт борборунун стадионунда Эл аралык аялдар футболу боюнча чакыруу турниринин бир нече беттештери өткөрүлдү. Турнир стадиондун жакшы иштеп жатканын камсыз кылуу үчүн өткөрүлдү.
Жарыяланган убактысы: 2019-жылдын 23-сентябры
